Include this script into your page along with the iframe for a responsive media embed
"Бүгүн Азаттыкта" маалымат-аналитикалык программасы: - Энергетикалык кризистин кесепеттери сезиле баштады. Бишкектин айланасындагы айрым конуштардын тургундары электр жарыгы өчүрүлгөнүнө байланыштуу жол тосушту. - Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Камчыбек Жолдошбаев шайлоочулардын добушун жапырт сатып алууну уюштурган деп шектелүүдө. Эки күн мурда анын жакыны төрт шайлоочуга 8 миң сомдон берип жатканда кармалган эле. - Бириккен Улуттар Уюму "оогандардын 60% ачарчылыкка кабылышы ыктымал" деп эскертти. "Талибан" кыймылы бийликке келгенден бери Батыш өлкөлөрү Кабулга каржылык жардамды бууп салган. #БүгүнАзаттыкта #жаңылыктар #Кыргызстан _________________________________________ Биздин сайт - www.azattyk.org/ Instagram - www.instagram.com/azattyk.kg/ www.instagram.com/azattykmedia/ Фейсбук - www.facebook.com/azattyk.org www.facebook.com/azattyk Ютуб - www.youtube.com/channel/UCs_x... Телеграм - telegram.me/Azattyk_radiosu t.me/azattykrus